Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Болот Жанузаковдун айткандарын Эмил Алиев жокко чыгарды


БИШКЕК. Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун кечээки сөзүн бүгүн «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев «чындыкка дал келбеген маалымат» деп билдирди. Анткени Болот Жанузаков кечээ журналисттер менен жолугушканда «Эмил Алиев Лейлек районундагы эки дыйкандын 80 миң доллар каражатын өзүнө ыйгарып алган» деп билдирген. «Менин оюмча, Жанузаковдун толук маалыматы жок. Ага кандай даярдап беришсе, ошондой эле окуп берген окшойт. Ал жерде мен Тажикстандын соту аркылуу «күнөөсү жок» деп акталып чыккан болчумун», - дейт Эмил Алиев. Анын айтымында, бул иш Тажикстандын сотунда 1997-жылы эле каралган жана күнөөлүү кишилер өз жазасын алышкан. 19-июлда өткөн «Өнөктөштүк форумунда» болсо Эмил Алиев: «Кыргызстандын күч органдары 8 жыл мурдагы бул ишти ушул убакка чейин мага каршы пайдаланууга аракет кылып жатышат», - деген болчу.

XS
SM
MD
LG