Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Өзбекстан тышкы иштер министрлиги эски билдирүүсүнөн тайбады


Өзбекстан тышкы иштер министрлиги кыргыз атуулдары 16-июлда өзбек чек арачыларын чабуулга алды деген билдирүүсүн дагы бир ирет тастыктап, өз атуулдарынын андай кадамга баруусуна жол бербөөгө кыргыз өкмөтүн чакырды. Бул тууралуу кечээ күнүн кечинде Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдирип, бирок киши өмүрүнө забын болгон окуяга өзбек тарап терең өкүнүчтө экенин белгилеген. Өзбек тараптын маалыматы боюнча Шахрихансай каналындагы көпүрөөчө аркылуу өткөн 40ка жакын кыргыз атуулу күйүүчү бөтөлкөлөр менен өзбек чек ара бекетине чабуул койгондон улам, чек арачылар ок аткан. Бирок кыргыз тарап мындай маалыматты четке кагып, 4 кыргыз атуулу көпүрөөдөн тынз өтүүгө аракеттенгенде аткыланган деп, тынчтык мезгилде куралдын пайдаланышын айыптоодо. 16-июлдагы чек арадагы окуядан 21 жаштагы кыргыз атуулу каза болгон.

XS
SM
MD
LG