Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Ооганстанда коопсуздук начарлоодо


Ооганстанда жайгашкан эл аралык уюмдар өлкөдө коопсуздук абалы начарлап, бул Ооганстанды реконструкциялоо жараянына жана эмки жылга белгиленген шайлоону өткөрүүгө олуттуу тоскоолдук кылат деген билдирүү таратышты. Мындай билдирүүнү Ооганстандагы 60ка чукул эл аралык уюмдар бүгүн жарыялашкан. Алар тынчтык кармоочу күчтөрдү Ооганстандын мыйзам сактала бербеген региондоруна да жайгаштырууну сунушташкан. Анткени Ооганстанга жиберилген эл аралык күчтөр негизинен Кабулдун тегерегинде гана турушууда. Эл аралык уюмдар, ошондой эле Хамид Карзайдын өкмөтүнүн бийлиги Кабулдун тегерегинен чыкпай калганын эскертишкен.

XS
SM
MD
LG