Израил Иордан дарыясынын батышындагы эки шаарды жакында палестиндерге өткөрүп берет. Бул тууралуу Израил өкмөтүнөн бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, Израил жакын арада абактан бир нече жүз палестинди боштондукка чыгарат. Бүгүн эртең менен Израил аскери чек ара бекетинен өтүп бараткан автомашинаны аткылаганда, андагы беш жашар палестин баласы набыт болуп, дагы эки жаш кыз жарадар болгон. Израил тарап бул окуя текшерүүгө алынарын билдирүүдө. Палестин премьер-министри Махмуд Аббас бүгүн президент Жорж Буш менен Акүйдө жолугушат. Анда Жакынкы Чыгышка байланыштуу «жол картасы» планын турмушка ашыруу маселеси талкууланат. АКШга кечээ күнү келген Махмуд Аббас бул планды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бир катар талаптар аткарылыш керектигин президент Жорж Бушка айтарын билдирген. Алар Израилдин абактарында камалып жаткан палестиндерди бошотуу, палестин жериндеги жөөт курулуштарын бузуу жана Палестина менен Израилдин ортосуна курула баштаган дубалдын курулушун токтотуу.