Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Шаардык сот президенттик администрацияга каршы берилген доо арызды кароодон баш тартты


Шаардык сот президенттик администрацияга каршы берилген доо арызды кароодон баш тартты

БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту президенттик администрацияга каршы берилген Акин Токталиевдин доо арызын кароодон баш тарткан чечим чыгарды. Акин Токталиев «президенттик администрациянын жалпы бөлүмү атуулдардан түшкөн арыздарды өз убагында карабай, өз маалында жооп бербей жатат» деп, андан 100 миң сом өндүрүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Катардагы атуулдан түшкөн мындай арызды кароодон буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту таптакыр баш тарткан болчу. Ошол себептүү Акин Токталиев апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. 21-июлда президенттик администрациянын жалпы бөлүмүнүн башчысы Мусин Орозбаевдин сотко келбей калганына байланыштуу сот жараяны болгон эмес. Бүгүн шаардык сот президенттик администрациянын өкүлүнүн катышуусуз эле Акин Токталиевдин арызын карап, «Биринчи Май райондук соту туура чечим чыгарган» деген жыйынтыкка келди.
Акин Токталиев кечээ Биринчи Май райондук сотуна дагы бир арыз таштап, «жазган каттарыбызга премьер-министр жооп бербей койду» деп Николай Танаевди сотко берип, андан 1 сом өндүрүп берүүнү сурады. Акин Токталиевдин айтымында, өкмөт башчысы Бишкек мэриясынын жана Биринчи Май райондук акимчилигинин иши боюнча үстүбүздөгү жылдын 20-мартында жана 6-майында ага жазган эки катына жооп бербей койгон. Арыз ээсинин пикиринде, муну менен премьер-министр элден түшкөн арыздарды өз убагында карап туруу жөнүндөгү 1995-жылы 5-июлда кабыл алынган мыйзамды жана президенттин 2001-жылдын 17-январдагы буйругун аткарбай жатат.

XS
SM
MD
LG