БИШКЕК. 29-июлда Кыргызстанга иш сапары менен Голландиянын Тышкы иштер министрлигинин Түштүк-Чыгыш Европа жана Борбордук Азия департаментинин башчысы Йан Ван Хоорн келет. Сапар учурунда Кыргызстан менен Голландиянын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий тармактардагы кызматташтык, Голландия менен Кыргызстандын ЕККУнун алкагындагы мамилеси туурасында сүйлөшүүлөр болот. Йан Ван Хоорн мырза Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана башка ырасмий адамдар менен жолугушат. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар ЕККУнун колдоосу менен иштелип чыккан «Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо» программасынын чыр-чатактарды токтотуу ыкмалары каралган жетинчи бөлүгү боюнча сүйлөшүүгө аракет кылышат. Бирок, голландиялык өкүлдүн Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү жана укук коргоочулары менен жолугушуусу күн тартибинде каралган эмес.