Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Кытай менен автоунаа катнашын калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


БИШКЕК. 27-мартта Кочкор районундагы Сарыбулак айылында 19 кытайлык жана 2 кыргызстандык жүргүнчүнүн киши колдуу болушуна жана Кытайдан чыккан өпкө кагын оорусуна байланыштуу 12-майда жабылган кыргыз-кытай чек арасы ачылганы белгилүү. Бирок, эки өлкө ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча каттамдар мурдагы калыбына келе элек. Буга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунун транспорт департаментинин 8 кишиден турган делегациясы кечээ Кыргызстанга келди. Бүгүн алар Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация, Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Кытайлык делегация менен Кыргызстандын тийиштүү министрликтеринин өкүлдөрү эки өлкө ортосунда жүргүнчүлөр каттамын калыбына келтирүү боюнча документти талкуулашкан соң, кийинки аптада ага кол коюшу күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат бүгүн Транспорт министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG