Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Кант аба майданы октябрь айында ачылмак болду


БИШКЕК. «Орусиянын Канттагы авиабазасы быйыл октябрь айында ачылат», - деп билдирди кечээ Москва шаарында Коллективдүү Коопсуздук Кеңешинин баш катчысы Николай Бордюжа. Анын айтымында, азыр Орусиянын Канттагы аба майданы жөнүндөгү келишимдин айрым жерлери такталууда. Бул тууралуу маалыматты бүгүн «Интерфакс» агенттиги таратты. Н. Бордюжанын сөзүнө караганда, «Манас» аба майданындагы америкалык авиабазанын жетекчилиги менен Канттагы орус авиабазасынын жетекчилигинин ортосунда Кыргызстандын аба аймагын чогуу пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анткени эки авиабаза бири-биринен анча алыс эмес жайгашкан жана бул өтө ылдам уча турган аскерий учактардын коопсуздугуна этият мамилени талап кылат. Н. Бордюжанын айтымында, Тез аракетке келүүчү коллективдүү күчтөр Борбордук Азия аймагында кылмыштуу жана террордук топторго каршы туруучу күч болуп эсептелет. Коллективдүү Коопсуздук Кеңешинин бюджетинин жарымын Орусия көтөрөт, калган чыгымды уюмдун башка мүчөлөрү өзүнө алмакчы.

XS
SM
MD
LG