Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Лейлек районундагы Аксуу тоосунда Түштүк Кореянын эки альпинисти набыт болду


БАТКЕН. Облустук жарандык коргонуу штабынан бүгүн алынган маалыматка караганда, Түштүк Кореядан келген альпинисттер Чон Ян Сунг менен Пак Ким Жонг 21-июль күнү түштөн кийин деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктиктеги Аксуу тоосунда аскадан учуп кетип, тоонун чокусунан 300 метрдей аралыкта коопсуздандыруу арканына асылып калышкан. Бирок аларды ошол күндөн бери куткарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Айрым маалыматтарга караганда, алгачкы күндөрү алардын үндөрү угулуп турган. Ал эми Лейлек райондук жарандык коргонуу штабынын башчысы Альберт Тагаев бул эки альпинист набыт болгонун, бүгүн Бишкек шаарынан тик учак менен курамында Орусиянын, Өзбекстандын куткаруучулары бар топ келгенин ушул эле күнү «Азаттыкка» билдирди. Лейлек районуна быйыл 8-июлда Ташкен-Хожент-Исфана багыты боюнча Түштүк Кореядан 18 альпинист келген эле. Аскада асылып калган эки альпинист да ошол топтун курамында болгон.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Кубат Оторбаев жана Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG