Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Таластагы социалдык коргоо кызматкерлеринин кесиптик даярдыгы талаптагыдай эмес деп табылды


ТАЛАС. Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги Таластагы кызматкерлерин аттестациялык текшерүүдөн өткөрүп, алардын кесиптик даярдыгы талаптагыдай эмес деген жыйынтыкка келди. Мындай жыйынтык министрликтин Таласта өткөн көчмө аттестациясынан соң чыгарылды. Аттестациядан соң пенсия, жөлөк пул чектөөдө, гуманитардык жардам бөлүштүрүүдө дале болсо тааныш-билиштик, кол ийрисине тартуу фактылары бар экени, аларды азайтуу зарыл экендиги айтылды. Аттестацияны министр Роза Акназарова жетектеген жумушчу топ өткөрдү. Бул туурасында бүгүн облустук социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Нарынбек Токтосунов маалымдады.

XS
SM
MD
LG