КАРАКОЛ. Борбордун төрагасы Жолболду Осмоналиевдин билдиргенине караганда, азыр облус боюнча ички иштер органдарынын 700дөн ашуун пенсионерлери бар. Алардын 10-15% социалдык колдоого муктаж. Көпчүлүк пенсионерлер пенсия акысынан тышкары эч жерден материалдык жардам алышпайт. «Ошондуктан ички иштер органдарынын пенсионерлерин колдоо борбору коомдук бирикме катары түзүлүп, Юстиция министрлигинен каттоодон өттү», - дейт Жолболду Осмоналиев. Бул борбор демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өзүн-өзү каржылоо багытында иш алып бармакчы. Борбордун эсеп-кысабына түшкөн акча каражаттары ириде жашоо-шарты өтө начар пенсионерлерге социалдык жардам катары берилет.
Ысыккөл облусунун ички иштер башкармалыгынын алдында ички иштер органдарынын пенсионерлерин колдоо борбору түзүлдү