БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 6 айында экономикалык мыйзам бузууларга байланыштуу 350 факт катталып, 224 кылмыш иши козголгон. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 2 эсе көп. Бул тууралуу маалымат бүгүн Финансы министрлигинен алынды. Экономикалык кылмышты аныктоо жакшырып, тартылган чыгымды кайтаруунун көрсөткүчү эки жарым эсе өскөнү менен, сотко ашкан иштердин көлөмү 35% түздү. Экономикалык кылмыштардын ичинен товарларды аткезчилик жол менен ташып келип сатуу, салыктан качуу, каттоодон өтпөй туруп ишкерлик кылуу жана акциздик белгилерди жасоо сыяктуу кылмыштар көп катталган. Көмүскө экономиканын деңгээли да азайган эмес. Финансы министрлигинин эсебинде, спирт ичимдиктеринин 20% чейинки бөлүгү салыктан жашырылып сатылат. Акциз салыгынын азайышы тыштан аткезчилик менен ташылып келүүчү спирт ичимдиктеринин жана дары-дармектердин азайышына алып келип, оң жыйынтыктар байкалган. Алсак, мыйзамдуу ташылып келүүчү дары-дармектердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда дээрлик 2 эсе өскөн.