Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Москва Гуантанамодогу жарандарын алууну көздөп жатат


Москва АКШнын Кубадагы Гуантанамо базасында камакта жаткан жарандарын алуу боюнча Вашингтон менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатат. Бул тууралуу орус тышкы иштер министринин орун басары Вячаслав Трубников билдирген. Анын айтымында эки тарап Гуантанамодогу орус жарандарын экстрадитациялоонун жолдорун талкуулашууда. 2001-жылы Ооганстандагы согуш убагында Америка аскерлери 680 кишини туткунга алышкан. Алардын ичинде 8 орус жараны бар. Бул жарандар Ооганстанга Башкирия, Татарстан жана Кабардин-Балкариядан барышкан.

XS
SM
MD
LG