Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Куба революциянын 50 жылдыгын белгилөөдө


Бүгүн Куба өз революциясынын 50 жылдыгын белгилөөдө. 1953-жылы 26-июлда Фидел Кастро баш болгон 130 кишиден турган куралдуу топ, Кубанын чыгышындагы Сантьяга шаарындагы аскердик казармаларга чабуул жасаган. Бирок чабуул оңунан чыкпай, Фидел Кастро жана агасы Раул Кастро баш болгон бир топ чабуулчулар камакка алынган. Ошентсе да бул чабуул Кубада коммунисттик революциянын тутанышына алып келген жана Фидел Кастро 1959-жылы диктатор Батистанын режимин кулаткан. Адам укуктарынын бузулуусуна байланыштуу эл аралык коомчулук акыркы кезде Кубаны көбүрөөк сындай баштады. Коммунисттик режимден болсо кубалыктар Америкага карай кемелер менен качуусун улантууда.

XS
SM
MD
LG