Азербайжан борбору Бакуда оппозициялык ири гезит «Жаңы Мусаваттын» башкы редактору Рауф Арифоглу бүгүн камакка алынып, бир сааттан кийин бошотулду. Башкы редактордун орун басарынын маалымдоосуна караганда, Арифоглу бүгүн эрте менен үйүнөн чыгып бараткан кезде полиция тарабынан кармалган. Кармоо гезит жана анда жарыяланган маалыматтарга байланыштуу болду, дейт башкы редактордун орун басары Жабил Аббасоглу. «Жаңы мусават» гезити Түркияда дарыланып жаткан 80жаштагы президент Гейдар Алиевдин ден-соолугу оор абалда экенин жазып чыккан эле. Бирок Түркиядагы Азербайжан элчилиги гезиттин бул маалыматын өткөн жумада четке каккан.