Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Куба гуманитардык жардам алуудан баш тартты


Кубанын президенти Фидел Кастро Европа Биримдиги сунуштаган гуманитардык жардамды алуудан баш тартты. Биримдик өткөн жылы Кубага 15 млн евро өлчөмүндө гуманитардык жардам берүүнү караштырган эле. Куба революциясынын 50 жылдыгында, кечээ сөз сүйлөгөн Фидел Кастро бериле турган жардамды «адам намысына тийчү» нерсе катары баалаган. Кастронун айтымында Куба эч кандай саясий шарт койбогон өкмөттүк эмес уюмдардан жана тилектеш кыймылдардан гана гуманитардык жардам алат. Фидел Кастронун жардамды алуудан баш тартуусу өткөн жумада Биримдиктин тышкы иштер министрлеринин Кубада адам укугун сактоону камсыз кылуу талабы менен байланыштырылууда.


Айданбек Акмат уулу, Прага

XS
SM
MD
LG