Либериянын борбору Монровия шаарына куралдуу оппозиция чабуулун улантууда. Бүгүнкү минаметтук аткылоодон 14 жаран набыт болду. Президент Чарльз Тейлор согуштан миңден ашуун адам каза болгонун жана тынчтык кармоочу күчтөр өлкөгө келсе эле кызматтан кетерин кечээ күнү жарыялады. АКШ президенти Жорж Буш Либериянын жээктерине тынчтык кармоочу күчтөргө колдоо көрсөтүү үчүн аскерий кемелерин жибергенин билдирген, бирок алардагы аскерлердин тынчтык кармоо иштерине катышуусу белгисиз бойдон калууда. Азырынча Нигериянын гана Либерияга тынчтык кармоо үчүн эки батальон жиберери айкын болууда.