Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Ирандын өкүлү өзөктүк мекеме-ишканаларды капыс текшерүүгө уруксат берүүнү жактоодо


Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Акбар Салехи өлкөнүн өзөктүк мекеме ишканаларын капыс текшерүүгө эл аралык агенттикке уруксат берүүгө Тегеранды чакырды. Али Акбар Салехинин айтымында, мындай кадам эл аралык коомчулук тынчызданып жаткан айрым маселелерди чечүүгө жардам берет. Ал эми Иран өкмөтү мындай текшерүүлөргө каршы чыгууда. Эл аралык коомчулук Тегеранды өзөктүк куралдарды жайылтпоо протоколуна кол койдурууга аракеттенүүдө. АКШ, Тегеран өзөктүк курал иштеп чыгууга аракеттенип жатат деп чочуласа, Иран өз программасы тынчтык максатта экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG