Бүгүн чечен админстрациясынын жетекчиси Ахмад Кадыровдун жан сакчыларынын башчысы Рамзан Кадыровдун өмүрүнө кол салууга аракет жасалды. Ахмад Кадыровдун уулу Рамзан Кадыровго жакындоого аракет жасаган жаш аялды жан сакчылар өткөрбөй койгондо, ал өзүн жардырып жиберген. Жарылуудан бир аял жаракат алып, өзүн жардырган аял каза тапты. Бул окуя Курчалой районундагы Цоцун-Юрт айылында болду. Чеченстан админстрациясынын башчысы Ахмад Кадыровдун өмүрүнө да ушундай эле кол салуу май айында жасалып, андан 8 адам набыт болуп, Кадыров өзү жабыркаган эмес эле.