Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:29

Ленин чокусунда спортчулар парашюттан секиришет


Деңиз деңгээлинен 7 миң 130 метр бийиктеги Ленин атындагы чокуну мындан 35 жыл мурда москвалык десант-парашютчулар багындырууга аракет кылып, бирок тилегине жетпей калышкан. Бул жолу да 9 альпинист-парашютчудан турган москвалык адистер Азиядагы эң бийик чокулардын бирине багыт алганы турат. Алардын катарында Орусиянын баатыры – эмгек сиңирген парашютчу Игорь Тарелкин, Орусиянын аскер-аба-десант аскеринин эмгек сиңирген ардагери, атайын бөлүктүн командири Александр Кравченко, парашют боюнча дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү Леонид Казанец жана башка тандалган чеберлер бар. Моквалык парашютчу десанттар Кыргызстанда 1 айга чукул машыгып аба-ырайына ыңгайлашып, август айында Ленин чокусуна тикучактан секирүүгө аракет кылышат.


Алатоо кабарлар топтомун Бишкекте Аманбек Дилденбай менен Бурулкан Турдубек кызы даярдашты

Текстти редакторлогон Бекташ Шамшиев
XS
SM
MD
LG