ЖАЛАЛАБАД. Жумушу жоктугунан соода-сатык менен алпурушкан бул адамдар шаардык базардын айрым кожоюндары базар орундарына өз тарифин киргизгендигин жана иштөөгө мүмкүндүк беришпегендигин айтып, облустук бийликке арызга отурушту. Базардын орун акысын төлөөгө шарттары жок экендигин билдиришти. Облустук бийликтен базардын майда кожоюндарын тартипке чакырып, укуктарын коргоп берүүнү өтүнүштү. Маселеси чечилбесе эмки жолу өздөрүнүн катарында бирге отурушкан 60 жакын адам менен облустук бийликке кайра келишерин эскертишти. Облустук администрациянын жооптуу адиси аларга базардын ички курулушунун долбоору али түзүлө электигин, ошондой эле базардын орун акыларын облустук бийлик чечпей тургандыгын түшүндүрдү. Базар Жалалабад шаарынын аймагында жайгашкандыктан маселени чечүү шаардык мэриянын милдетине кирерин жана адегенде шаар бийлигине кагаз жүзүндө кайрылууга, болбосо анан облакимчиликке келүүгө кеңеш берди.