ОШ. Эч кандай архитектуралык документтери, демек коопсуздук гарантиясы жок, жалаң жыгач менен темирден курулган бул беш кабат мечитти муфтияттын данакерлиги менен баш кеңсеси Сауд Аравиянын Жетта шаарында жайгашкан бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы, анын төрагасы Мухаммед Саид Бауми толук буздуруп кайрадан салдырып жатат. Бардык курулуш иштерин орозого чейин бүткөрүү аракетинде. Мурдагы мечиттин буздурулушуна каршы болгон жана ага биздин каражатыбыз кеткен деп чатак салган оштук Тажидин ажы Алимжановго Оштогу мусулман коомчулугу алып кет деп 500 миң сомдук курулуш жыгачтарын, темирлерин чыгарып чогултуп койду. Нааразы болгон Тажидин ажы Алимжанов сотко кайрылууда. Эски мечитти салыш үчүн ал чет элдик мусулман демөөрчүлөрүнөн кезинде 26 миң долларлык жардам алган.