Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:32

«Манаста» ден соолук борбору ачылды


БИШКЕК. 28-июлда Бишкектин «Манас» аба майданында «Ден соолук» борбору ачылды. Борборду транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев расмий ачты. Анын айтымында, ден соолук борбору КМШ өлкөлөрүнүн ичинен дүйнөлүк стандартка төп биринчи дарылоочу жай болуп калды. Анда 30 жакын дарыгер иштеп, учкучтардын, авиация кызматкерлеринин ден соолуктарын көзөмөлдөйт жана жүргүнчүлөргө жардам берет. Борборду «Манас» аэропорту менен министрлик биргелешип даярдап ачышты. Имаратты даярдоо жана жабдуу иштерине 250 миң доллар сарпталды.

XS
SM
MD
LG