БИШКЕК. 29-июлда Кыргызстанга иш сапары менен Голландиянын тышкы иштер министрлигинин Түштүк-Чыгыш Европа жана Орто Азия департаментинин башчысы Йан Ван Хорн мырза иш сапары менен келет. Ал сапар учурунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуп, эки мамлекет ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтык боюнча пикир алышат. Мындан тышкары, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун алкагында Кыргызстан менен Голландиянын мамилеси тууралуу сүйлөшүүлөр болот.