Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

«Арнамыс» партия төрагасынын орунбасары Эмил Алиев камакка алуу коркунучунда


БИШКЕК. «Ар намыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев 19-июлунда өткөн өнөктөштүк форумунда президент Аскар Акаев жетектеген бийликтегилерди сындап сүйлөгөн сөзү үчүн, «Ак үйдөгүлөр» аны камакка алууга жана түрмөгө отургузууга көрсөтмө берди, -деп билдирди «Ар намыс» партиясынын маалымат кызматынан. Эмил Алиев өткөн жылдагы «тегерек стол» жолугушуусунда партиянын активин жана жеке өзүн бийлик тарабынан саясий куугунтукка алган фактыларды айтып чыккан. Бирок ал кайрылууга бийлик эч кандай көңүл бурган эмес. Президенттик администрациянын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков 23-июлдагы берген пресс-конференцияда: «Эмил Алиев Лейлек районундагы эки дыйкандын 80 миң доллар каражатын өзүнө ыйгарып алган», деп билдирген. «Бул билдирүү укук коргоо органдарына менин үстүмөн кылмыш ишин козгоп, камакка алуу үчүн атайын көрсөтмө», деди Эмил Алиев. Ал эми Болот Жанузаков «Азаттыктын» кабарчысына «Ар намыс» партиясынын активдерине эч кандай куугунтуктоо болбогонун жана Эмил Алиевди камакка алуу тууралуу эч кандай сөз да болбогонун билдирди. Ушул эле күнү президент Аскар Акаевдин наамына Байтик айылынын 23 тургуну ачык кат жолдоду. Катта «Урматтуу президент мырза, сиздин 19-июлдагы өнөктөштүк форумундагы билдирүүнүздө Феликс Куловду саясий туткун эмес «кылмышкер» катары көрсөткөнүңуз бизди айран-таң калтырып кыжырыбызды келтирди», - деп жазылган.

XS
SM
MD
LG