Сот былтыр күздө Москванын Дубровка театралдык борборундагы терракт учурунда барымтада калгандар менен курман болгондордун туугандарынын моралдык чыгымды төлөп берүү талабы менен берилген 21 доо арызын кайра кароого жиберүүдөн баш тартты. Муну менен Москванын өкмөтүнө каршы берилген алтымыштай доо арыздын жарымын карабай койгон төмөнкү инстанциядагы соттун чечиминин тууралыгы ырасталды. Сот өкүлдөрү билдиргендей, "Терроризмге каршы күрөшүү" жөнүндөгү мыйзамда моралдык эмес материалдык чыгымды гана компенсациялоо каралган. Былтыр октябрь айында Москванын Дубровка театралдык борборундагыларды чечен согушкерлеринин барымтасынан бошотуу учурунда 129 адам өлүп, 700 дөй киши жабыр тарткан.
Москванын соту былтыркы барымтадан жабыр тарткандардын доо арызын канааттандыруудан баш тартты