Окуя өлкөнүн түндүгүндөгү Касим провинциясында болду. Андагы фермалардын биринде болгон атышуудан алты согушкер менен катар эки полицей каза тапкан. Өлкөнүн коопсуздук кызматынын аты аталбаган өкүлү өлтүрүлгөндөр "ал-Каида" террорчул уюму менен байланышта турган топтун согушкерлери экенин билдирди. Полиция ошондой эле согушкерлердин жашырынышына жардам берген ферманын ээлеринен төрт кишини камакка алган.
Саудиядагы атышуудан «aл-Каида» уюму менен байланышы бар деп эсептелген алты согушкер каза тапты