Орусия ушул жылдын аягына чейин Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Италиянын премьер министри Силвио Берлускони Москвада билдирди. Ал Москвага Италия Европа Биримдигине төрагалык кылган мезгил ичинде Биримдик менен Орусиянын кызматташуусуна байланышкан жагдайларды президент Владимир Путин менен талкуулоо үчүн барган. Анын ичинде Орусия менен Европа Биримдигинин ушул жылдын ноябрь айында боло турган жыйынына даярдык көрүү, Биримдик менен Орусиянын ортосунда визасыз каттамды киргизүүнү да талкуулашты. Андан тышкары Жакынкы Чыгыш менен Корей жарым аралында кырдаалды жөнгө салуу маселеси боюнча да ой бөлүштү. Сүйлөшүүлөрдүн убагында Владимир Путин Орусия Европа Биримдигине кирген бардык мамлекеттер менен кызматташууга кызыкдар экендигин, ал эми Силвио Берлускони Биримдик менен Орусиянын кызматташуусунун өөрчүшүнө Биримдик көмөк көрсөтөөрүн билдирди.