Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Сауд Арабстан Америка Конгрессмендеринин пикирине макул эмес


Бүгүн АКШнын президенти Жорж Буш Вашингтондо Сауд Арабстандын тышкы иштер министри, ханзаада Сауд ал-Фейсал менен жолугушат. Анын максаты АКШ Конгрессинин 2001-жылдын 11-сентябрындагы террактtы териштирген докладында жазылган жашыруун маалыматтарды талкуулоо. Докладда конгрессмендер “террактка катышкан 19 адамдын 15и Сауд Арабстандын атуулу болгондон кийин бул өлкөнүн террорчуларга көмөк көрсөткөн байланышы болуу керек” деген божомолду жазышкан болчу. Сауд Арабстандын бийлиги мындай айыпты дароо четке каккан. Бүгүн бул өлкөнүн ички иштер министри кечээ өлкө борбору эр-Риад шаарында жүргүзүлгөн рейд учурунда “ал-Каидага” катышы бар деп шектелген алты адам каза болгондугун билдирди.

XS
SM
MD
LG