Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Түштүк тараптагы алгачкы бизнес-инкубатор Исфана шаарында ачылды


БАТКЕН. Лейлек районунун борбору Исфана шаарындагы «Илекилек» бизнес инкубаторунун ачылышына президенттик администрациянын экономикалык саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Кубат Каныметов, Европа Комиссиясынын Казакстандагы жана Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана облустук, райондук бийлик өкүлдөрү катышты. Бул бизнес-инкубатор ишкерлерге ишти өркүндөтүү боюнча кеп-кеңештерди берүү менен аларга ишкерликтин заман талабына ылайык ыкмаларын үйрөтүү максатын көздөйт. Ал ошондой эле чакан ишкана ачууну каалаган ишкерлерди имарат менен камсыздоого көмөктөшөт. Долбоор Европа Кеңешинин «Кыргызстанда кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» программасынын алкагында каржыланып, аны тендерден 14 миң евро наркындагы акчаны утуп алган Лейлектеги «Билек» коомдук фонду жүзөгө ашырат. Бул тууралуу маалымат ушул эле күнү «Илекилек» бизнес-инкубаторунун менеджери Атамбек Ботоевден алынды.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG