БИШКЕК. Кыргыз көркөм өнөрү оор жоготууга учурады. Бүгүн белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакы Өмүралиев 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал 1932-жылы Жумгал районуна караштуу Жаңыарык айылында туулган. Бала кезинде ата-энесинен эрте айрылып, Чаектеги балдар үйүндө тарбияланган. Ташкендеги Островский атындагы театралдык институттан билим алып, Кыргыз драма театрында, «Кыргызфильм» киностудиясында, Республикалык куурчак театрында иштеген. Кыргызстан жазуучулар кошуунунда, Театр ишмерлер коомунда жооптуу кызматтарды аткарып келген. Анын жазган «Тагдырдын өгөй балдары», «Жаңырык», «Ата сөзү - арнамыс» жана башка ондогон драмалык чыгармалары Кыргызстандагы бардык театрларда коюлган. Ал кыргыз маданиятынын, көркөм өнөрүнүнүн өнүгүп-өсүшүнө зор салым кошкон. Маркум Бакы Өмүралиевдин сөөгү бүрсүгүнү «Аларча» көрүстөнүнө коюлат.