Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Мамлекеттик катчы журналисттер менен жолугушуу өткөрдү


БИШКЕК. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов бүгүн журналисттер менен маалымат жыйынын өткөрдү. Ал журналисттерге Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылына карата алдыда өтүүчү иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Майрам Акаеванын «Үмүттүн шамы өчпөйт» аттуу китебинин бет ачаары 9-августта Чолпоната шаарында өткөрүлөт. 10-августан баштап СNN телеканалы Кыргызстан жөнүндө маалыматтарды жана берүүлөрдү уюштурат. Чыңгыз Айтматов менен жолугушуу кечеси Орусиянын, Казакстандын жана Тажикстандын адабият жана маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда 15-августта Бишкекте өтөт. 29-августта Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын II курултайы Чолпоната шаарында өткөрүлүп, 30-31-августта Бишкекте театрлаштырылган оюн-зоок көргөзүлөт. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунда Кыргызстандын күндөрү 3-октябрда өткөрүлө турган болду.

XS
SM
MD
LG