Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:10

Казакстандан Кыргызстанга 15-октябрга чейин күйүүчү май ташылбай турган болду


БИШКЕК. Казакстан өкмөтүнүн токтомуна ылайык 15-октябрга чейин Кыргызстан тарапка күйүүчү май ташып өткөрүүгө тыюу салынды. Мындай чечимге Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгүнө карата күйүүчү май топтоо зарылдыгы себеп болду. Алдын-ала маалымат боюнча, казак өкмөтү өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине, Бажы агенттигине, облустардын жана райондордун акимдерине бул токтом боюнча катуу көрсөтмө берген. Бул тууралуу «Кыргыз-Инфо» агенттиги маалымдады.
XS
SM
MD
LG