Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:37

Бишкекте Ооган базарындагы атаандаштык боюнча семинар болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Ооган базарында атаандаштыкка кантип туруштук бериш керек?» деген аталыштагы семинар болду. Аны АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) өткөрдү. Семинар Борбор Азиянын бардык башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстандын ишкерлерин да Ооганстандын төлөм системасы, транспорт каражаттары, бажы тартиби жана талаптары менен тааныштырды. Ушул эле семинарда буга чейин Ооганстан менен кызматташып келген компаниялар бул өлкөнүн базарына чыгуунун жолдорун айтып беришти. Талкууга Кыргызстан экспортерлор ассоциациясынын курамындагы жергиликтүү 60 компаниянын өкүлдөрү жана Ооганстандын ишкерлери катышты. Семинарда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, былтыр Ооганстанда Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан 63 млн. долларлык, Тажикстан 6 млн. долларлык, ал эми Кыргызстан 4 млн. 400 миң долларлык товар саткан. Кыргызстандан негизинен айнек, күйүүчү май жана айрым электрондук техниканын тетиктери экспорттолууда.

XS
SM
MD
LG