Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

АКШнын Түндүк Корея менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүү жөнүндөгү сунушу Түштүк Кореяда талкууланды


Бул максатта АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон Түштүк Корея тышкы иштер министри Юн Ёнкван менен жолукту. Жон Болтондун айтымында, Түндүк Корея Түштүк Корея жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү жана анын соңунан көп тараптуу сүйлөшүлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Вашингтондун сунушу Пхеньянга Кытай өкмөтүнүн өкүлү тарабынан берилген. АКШ өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден чыгып, өзөктүк курал программасын өнүктүрүп жаткан Түндүк Корея жалпы чөлкөм үчүн кооптуу деп эсептейт. Пхеньянды бул жолдон айнытуу үчүн көп тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, ага Түндүк Кореянын коңшулары да тартылышын көздөөдө.

XS
SM
MD
LG