Бул тууралуу бүгүн Ооганстанда болгон учурунда АКШнын куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Ричард Майерс билдирди. Анын айтымында, коалициянын аскерлерине жакында жасалган кол салуулар – "ал-Каида " менен Талибандын аман калган согушкерлеринин иши. Генерал Ричард Майерс бүгүн кабарчылар менен болгон маегинде Ирактагы согуш эл аралык террорчулукка, атап айтканда "ал-Каидага" каршы күрөштөн алагды кылбаганын, кайра жардам бергенин кошумчалады:
- Эл Ирактагы операциялардан улам биздин "ал-Каиданын" сары изине чөп салуу мүмкүнчүлүгүбүз азайбаганынан камсанабаса болот. Иш жүзүндө Ирактагы операциялардан биз "ал–Каида" тууралу абдан керектүү чалгын маалыматтарын алып жатабыз жана алар пайдалуу болду.