Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Ирактын Башкаруу кеңеши өзүнүн биринчи төрагасын дайындады


"Франс – пресс" агенттигинин кабарына караганда, бул кызматка шийиттердин диний "Дауа" партиясынын өкүлү Ибрагим Жафари дайындалды. Мурда Башкаруу кеңешине бир эле адам төрагалык кылары күтүлгөн. Бирок кечээ кеңештин президиумун түзүү жөнүндө компромисттик чечим кабыл алынды. Президиумга 25 адамдан турган башкаруу кеңешинин тогуз мүчөсү: беш шийит, эки суннит жана күрттөрдүн эки өкүлү кирди. Эми төрагалык кызматты президиумдун мүчөлөрү кезектешип, ротациялык тартипте аткарат. Башкаруу кеңеши чыгарган чечимдердин баары Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремер тарабынан жактырылышы керек.
Мунун аралыгында, АКШ аскерлери Саддам Хусейнди издөөнү улантууда. Кечээ араб телеканалдары Саддам Хуссейндин үнү делген жаңы аудиотасманы угузушту. Анда Ирактын экс-диктатору уулдары Удай менен Кусай каза тапканына кайгыланып, АКШ акыр аягында жеңилээрин эскерткен. Ирактын муктаждыктары менен жеринде таанышуу үчүн бүгүн Багдадга Дүйнөлүк банктын президенти Жеймс Вульфенсон келди.

XS
SM
MD
LG