Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

«Кыргыз» деген сөздүн жазылышына карата сот иши уланууда


БИШКЕК. Жеке ишкерлер коомдук комитетинин төрагасы Кубанычбек Тезекбаевдин «улуттук арнамысымды жана абийиримди коргоп бергиле» деп суранган доо арызын Жогорку Сот 11-августта карай турган болду. К. Тезекбаев сотко мындай арыз менен жыл башында Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, сот ишти доогердин кызыкчылыгына чечкен. Арыздын жазылышына «Дело №» гезитинде «кыргыз» деген сөздү «киргиз» деп жазуу себеп болгон. Шаардык сот май айында ишти карап, райондук соттун чечимин жокко чыгарган. Доогердин бүгүнкү билдирүүсү боюнча, Жогорку Сот ишти анын кызыкчылыгына чечип берсе, моралдык чыгым үчүн талап кылып жаткан 500 миң сомду ал «Кыргыз тилди колдоо» фондуна которот. «Эгер сот арызды колдобосо, мен Конституциянын кепили болгон кыргыз президентин сотко берем», - дейт Тезекбаев.

XS
SM
MD
LG