Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Орусиядагы эки кыргызстандыктын өлүмүнүн себептери аныкталууда

БИШКЕК. «Орусиянын Свердлов облусунун Верхняя Пышма шаарында мерт болгон 2 кыргыз атуулу Карасуу районунан болуп чыкты. Аларды өлтүргөн кыргызстандык 3 атуул Өзгөн районунан барып соода-сатык кылып жүрүшкөн. Кылмыштын чоо-жайын жеринде териштиргенде карасуулук эки жигит ал жерде соода кылгандарды коркутуп акча алып жүрүшкөнү жоромол кылынууда. Кезектеги мыйзамсыз «салык» салуу учурунда өзгөндүк 3 классташ жигит алардын мындай аракеттерине каршы өлтүрүп коюшкан», - деп билдирди Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Төлөн Тургунбаев. Анын айтымында, жай айларында Орусияга соода-сатык кылып барышкан кыргызстандык атуулдардын көбүнүн паспорттору жана башка тиешелүү уруксат кагаздары жок.
​
XS
SM
MD
LG