Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

КЫРГЫЗ ИШКЕРЛЕРИ ООГАН БАЗАРЫНА ЧЫГУУГА БЕЛСЕНҮҮДӨ


Сапар Орозбаков, Бишкек Шейшемби күнү «Прагма» корпорациясы Кыргызстандын 60тай ишканаларынын жетекчилерин чогултуп, «Ооган базарында кантип атаандаштыкка жөндөмдүү болуш керек?» деген аталышта семинар өткөрдү. Семинарга Ооганстандын өткөөл өкмөтүнүн элчилигинин соода атташеси Сардар Сахи Мухаммад мырза жана оогандык бир нече ишкер катышып, Кыргызстандын ишкерлерине Ооганстанда соода жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары жөнүндө айтып беришти.

“Ооган экономикасын калыбына келтирүү иштерине кыргыз ишкерлери тартылса жакшы болоор эле” деген сөз бир жылдан бери эле айтылып келет. Бирок бул алыскы жана мурдатан бейтааныш өлкөдө баа кандай, анда кандай товар өтүмдүү, Ооганстандын ишкерлери менен кантип байланышып, кантип соода жүргүзсө болот - муну баары эле биле беришпейт. АКШнын ЮСАИД уюмунун колдоосу менен Кыргызстандын “Прагма” корпорациясы Ооганстанда болуп, анын базарын жана ал өлкөдө ишкерлик кылуунун шарттарын изилдеп келген болчу.

Шейшемби күнү корпорациянын кызматкерлери Ооганстандын базарына кызыккан Кыргызстандын ишкерлерин чогултуп, өздөрүнүн изилдөөсү тууралуу айтып беришти. Семинарга Ооганстандын расмий адамдары жана Бишкекте бизнес кылып жүргөн оогандыктар катышып, алар да өз өлкөсү жөнүндө маалымат беришип, кыргыз ишкерлеринин суроолоруна жооп беришти. Ишкерлик – бул биринчи кезекте акча. Албетте, биздин ишкерлерди “Жакында эле согуш бүткөн Ооганстанда абал кандай? Ал жерде алып барган товарды же тапкан акчаны жоготуп алуу коркунучу барбы же жокпу?” деген суроолор кызыктырат.

- Азыр Кудайга шүгүр, Ооганстанда стабилдүүлүк бар. Инвестиция жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алдык. Бул мыйзам бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Мен Ооганстандын элчилигинин соода боюнча өкүлү катары “Ооганстанда бинес жасоого эч коркунуч жок” деп айта алам, - -деди Ооган ислам өткөөл өкмөтүнүн элчилигинин соода атташеси Сардар Сахи Мухаммад мырза.

Семинарда айтылгандарга караганда, Ооганстандын базарына кирип, ийгиликтүү иштеп жаткан кыргызстандык ишканалар да бар экен. Токмоктогу «Интергласс» айнек заводу, Жалалабаддагы мунайзат иштеткен «Кыргыз Петролиум» ишканасы, Караколдогу «Электртехникалык завод» келишим түзүп, өз продукцияларын Ооганстанга жөнөтө башташыптыр. Бирок Батыштан көп жардам алып жаткан учу-кыйры жок ооган базары үчүн бул аздык кылат. Былтыр Өзбекстан Ооганстанга 63 млн. доллар, Казакстан 31 млн. доллар, Тажикстан 6,3 млн. доллар товар сатса, биздин экспорт араң эле 4 млн. 400 миң долларды түзгөн.

- Мүмкүнчүлүк көп. Бүт товар өтүп жатат. Тамак-аштан баштап курулуш материалдарына жана трансформаторго чейин өтүп жатат. Ошол материалдардын баарын сата алсак, биздин ишкерлерге пайдасы жакшы эле тие тургандай, - деди тышкы соода жана өнөр жай министринин биринчи орун басары Муктар Жумалиев.

Муну Кыргызстандын Экспортчулар ассоциациясынын директорунун милдетин аткаруучу Сергей Магай да ырастайт. Ал, оогандыктар биринчи кезекте товардын баасына, андан кийин гана сапатына карай тургандыктарын айтат.

Бирок Ооган базарына жетиш үчүн толгон-токой тоскоолдуктарды өтүш керек. “Алардын негизгиси - баягы эле транзит маселеси”, - деп эсептейт Сергей Магай:

- Ооганстанга өтчү (ыңгайлуу чек ара) жер же Түркмѳнстанда же Өзбекстанда жайгашкан. Биз ушул маселени жакшы чечип алышыбыз зарыл. Мамлекет аралык келишимдердин көптүгүнө карабай, алар практика жүзүндө дайыма эле жакшы иштебейт.

Ооганстанга товар алып барган ишкерлердин айтымында, аталган өлкөлөрдүн чек араларында товарлар бир нече күндөп кармалган учур көп. Кыргызстандын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү бул маселени чечүү боюнча иш жүргүзүлүп жаткандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG