Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Тегерандагы Азиянын чемпионатында Кыргызстандын командасы жеңишке жетүүдө


БИШКЕК. 30-июлда Кыргызстандын командасы Кытай Эл республикасынын оюнчулары 9 : 4 эсебинде футболдо жеңип алды. Алгачкы таймашууда кытайлыктар эсепти ачканы менен, кыргызстандык Данияр Абдураимов эсепти теңеп, биринчи тайм 3 : 1 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктаган. Экинчи таймда кыргызстандык футболчулар демилгени колго алышып, удаасы менен 6 топту Кытайдын дарбазасына таамай тээп киргизе алышты. Кытайлык атаандаштар 4 топту гана жооп кыла алышты. Бул оюнда кыргызстандык Сыргак Мамбеталиевдин чеберчилиги жогору бааланды. 31- июлда кыргызстандыктар Азиянын 5 жолку чемпиону Ирандын тандалма командасы менен күч сынашат.Бул чечүүчү оюнда тең чыкса, кийинки турга жолу ачылат. Ал эми үчүнчү беттешүү Ливан өлкөсүнүн футболчулары менен болмокчу.

Кабарлар топтомун Бишкекте Азиза Турдуева, Кубат Оторбаев даярдашты.
Текст редакциясы Бекташ Шамшиевдики

XS
SM
MD
LG