БИШКЕК. 31-июлда Москва шаарында башталган Евразия экономикалык биримдигинин (ЕврАзЭС) интеграциялык комитетинин кезектеги жыйынында бул уюмга мүчө Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын өкүлдөрү кызматташууну артыруу боюнча маселелерди талкуулоого киришти. Бул тууралуу маалымат тышкы иштер министрлигинин шериктеш мамлекеттер башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдон алынды. ЕврАзЭСтин 2003-2006-жылдар аралыгындагы негизги иш багыттары боюнча документ уюмдун апрель айында Тажикстан борбору Дүйшөмбүдө өткөн жыйынында кабыл алынган. Москва жыйынында ал документке айрым өзгөртүү-толуктоолор киргизүү боюнча сунуштар каралды. Андан тышкары жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин ички базарын коргоо жана бирдиктүү бажы тарифин пайдалануу боюнча да сөз болду. Беш мамлекет ортосунда бирдиктүү темир жол тарифтерин киргизүү жөнүндө келишим да талкууланды. Жыйынга Армениянын, Молдованын жана Украинанын өкүлдөрү байкоочу катары катышууда. Кыргызстандын кызыкчылыгын ЕврАзЭС уюмуна мүчө мамлекеттердеги Кыргызстандын вице-премьер-министр деңгээлиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов жетектеп барган делегация коргоодо.