Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Кыргызстанда оор кырдаалдар болушу ыктымал


БИШКЕК. Август айынын биринчи жарымында Кыргызстандын айрым аймактарында, алардын ичинде Чүй, Ош, Талас жана Ысык-көл аймактарында ири суу ташкындары жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу 31-июлда республиканын өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинен маалымдашты. Кыргызстанда соңку 6 айдын ичинде 138 кырсык катталды. Алардын натыйжасында 43 адам каза тапкан. Өзгөчө кырдаалдардын ичинен эң оору Ош облусунун Өзгөн районундагы «Кара тарык» айылындагы жер көчкү болду. Соңку мезгилде жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу дарыялардагы суунун деңгээли жогорулады. Натыйжада Ош жана Жалалабад облустарында 6 ай ичинде 500 жер көчкү катталган. Жарым жыл ичинде республикадагы ишканалардан айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн алынган төлөмдөр 7,5 млн сомго жетти. Бул каражат мамлекеттин бюджетине берилет жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жумшалат.

XS
SM
MD
LG