Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Республиканын жарым жылдык социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары чыкты


БИШКЕК. 31-июлда премьер-министр Николай Танаевдин жетекчилиги менен өкмөттүн жыйыны өтүп, анда өлкөнүн алгачкы 6 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Жыйындан алынган маалыматтарга караганда, ички дүң продуктунун көлөмү 29 млрд 544 млн сомду түзүп, өткөн жылга караганда 2,3 пайызга өсүш болгон. Жарым жыл ичинде инфляция 2,5% түздү. Өнөржай өндүрүшү 2,5% өскөн. Бирок, айыл чарбасы 3,4% төмөндөгөн. Мунун себебин министр Александр Костюк жаздын кеч келиши менен түшүндүрдү. Абал текстиль, карамай иштетүү жана тоо-кен тармактарында да оор. «Кумтөр» жана «Макмал» алтын кендери алдыга койгон пландарын аткарышкан жок. Премьер-министр тоо-кен өнөр жайындагы жана иштебей токтоп турган 173 ишканадагы абалды оңдоону тышкы соода жана өнөржай министри Садридин Жээнбековго тапшырды. Жыйында энергетика тармагынын проблемалары да талкууга алынып, жагылган электр энергиясы үчүн акча жыйналбай жатканы белгиленди. Жыйында айтылгандай, биринчи кварталда республикага 21 млн доллар түз инвестиция тартылган, бирок ага карабай, капиталдык салымдардын көлөмү өткөн жылга караганда, 6,4% төмөндөп кеткен.

XS
SM
MD
LG