Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Электр энергия акысын төлөбөгөндөр сот жообуна тартылат


БИШКЕК. Мындан ары электр кубаты үчүн акы төлөбөгөндөр сот жообуна тартылат. Мындай чараларды көрүү жөнүндөгү чечим 30-июлда өткөн өкмөт жыйынында кабыл алынды. Энергетика боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Уларбек Матеевдин маалыматы боюнча, электр кубатын керектөөчүлөдүн карызы үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата 2 млрд 705 млн сомду түздү. Ушул эле мезгилге карата Кыргызстандагы электр кубатын бөлүштүрүүчү кампаниялардын «Электр станциялары» акционердик коомуна болгон карызы 1 млрд 560 млн сом болду. Премьер-министр облус губернаторлоруна, Бишкек жана Ош шаар башчыларына электр кубатын бөлүштүрүү кампанияларына болгон карыздарды жойуу боюнча чечкиндүү иш-чараларды көрүүнү тапшырды. Бир айдын ичинде республикадагы электр кубатын бөлүштүрүүчү кампаниялар менен электр энергиясын керектөөчүлөрдүн ортосунда эки тараптын кызыкчылыктарын камтыган контракттарга кол коюлушу тийиш.

XS
SM
MD
LG