БИШКЕК. «Маалымат каражаттарын колдоо борбору» деген ат менен юстиция министрлигинен каттоодон өткөн көз карандысыз басма үйү Кыргызстанда октябрь айында ачылат. Бул жөнүндө 31-июлда Бишкектеги «Ысыккөл» мейманканасында өтүп жаткан маалымат каражаттарынын конференциясында маалымдалды. Учурда басма үйүнүн имараты ремонттолууда жана анын техникалык жабдуулары толугу менен сатылып алынган. Басма үйүнүн демөөрчүсү АКШдагы «Фридом Хаус» уюмунун өкүлү Майк Стоундун айтымында, басма үйү Кыргызстандагы маалымат каражаттарын колдоо максатын көздөйт. Анда ошондой эле Борбор Азия регионундагы басма иштерине да көмөк көсөтүлөт. Бул күнү маалымат каражаттарынын конференциясында республикадагы маалымат каражаттарындагы айрым проблемалар талкууланды. Жыйында белгиленгендей, учурда жалпысынан Кыргызстандын маалымат мейкиндиги өсүүдө. Бирок, көпчүлүк маалымат каражаттарынын материалдык-техникалык абалы начар жана долбоорлорду түзүү аркылуу гранттарды алып, пайдалануу тажрыйбасын жакшы өздөштүрүшө элек. Маалымат каражаттарынын эки күндүк конференциясы 31-июлда ишин аяктады.