Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Ооганстандын министри укук бузуулар тууралуу айыптоону четке какты

Билим берүү министри Юнус Канунинин айтымында, анын жетекчилигиндеги кишилер укук бузууга жол берген эмес.

Нью-Йоркто жайгашкан «Хьюман райтс уотч» уюмунун ушул шейшембиде жарыяланган отчетунда айтылгандай, күбөлөр Ооганстандын көптөгөн бийлик өкүлдөрү башкарган аскерлердин жана полиция кызматкерлеринин укук бузууларына даттанышкан.

Кабулдагы пресс-конференцияда Кануни "мындай ушак-айың жана доомат - Ооганстандагы жана чет өлкөлөрдөгү элементтердин саясий оюндары" деди.
XS
SM
MD
LG