Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Шанхай кызматташтык уюму аскердик машыгуу өткөрөт


Алтысынан 12-августка чейин созула турган согуштук оюндар Казакстан менен Кытайдын аймагында өтөт. Кыргызстандын коргонуу министрлигинин маалымдашынча, машыгуулар Казакстандын Семей дубанында башталып, Кытайдын Шинжаң провинциясында аяктайт. Семейде аскерлер эл аралык террористтик топторго кол салууга, Синцянда террористтик лагерге чабуул жасоого машыгышат.

Тажикстандын коргонуу министринин маалымат катчысы Зарубиддин Сироев Казакстандагы машыгууга тажик аскерлери да катышаарын бышыктады. Сироевдин айтымында, Тажикстан ал жакка төрт офицерин жибермекчи.

XS
SM
MD
LG