Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 20:56

Гейдар Алиев Түркияда ооруканада кала берүүдө


Азери президентинин дарыгерлери ага саламаттыгына байланыштуу мекенине шашылбоого кеңеш беришти. Азербайжандын Түркиядагы элчиси Алиевдин "Анкара ооруканасындагы текшерүүсү бүттү, Бакыга ал жума күнү кайтат" деген эле. Бирок Ассошиэйтед Пресс агенттиги дарыгерлерге шилтеме берип, 80 жаштагы президенттин учушуна ден соолугу жол бербейт деп кабарлары.

Алиев Түркиянын баш калаасындагы "Гүлхане" ооруканасында дарыланып жатат. Ал 15-октябрдагы президенттик шайлоого талапкердигин коюу нийетин билдирген.

XS
SM
MD
LG