Израил Батыш Жээкти бойлото коопсуздук тосмолорун куруп жатат. Кайкалия шаарындагы нааразылык акциясына 200 чакты палестин жана чет элдик активист катышты. Палестиндер таштан салынып жаткан тосмону Израил келечектеги Палестин мамлекетинин чек арасына айландырат деп кооптонушууда.